Мукай Элебаев 1906-жылы Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылып жетим өскөн. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан көл өрөөнүнө жаңы бийлик орноду деп уккан эл менен кошо жөө-жалаңдап 1917-жылы кайтып келет. Ошол жылдардагы саясий өзгөрүүлөргө чейинки карапайым кыргыз элинин турмушун жазуучу автобиографиялык мазмундагы "Узак жол" аттуу романында баяндаган.
1921-жылы Мукай Элебаев Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка кабыл алынып, Түп районуна караштуу Монастырь деген жердеги айыл чарба техникумуна кирет. Ал жакта үч жыл билим алган соң, Фрунзедеги борбордук педагогикалык техникумга келип 1930-жылга чейин окуйт.
Мукай Элебаевдин "Зарыгам" аттуу туңгуч ыры 1924-жылы "Эркин Too" гезитинде жарык көргөн. Салттык арман ырларына үндөш жазылган бул чыгармасында акын билим алууга болгон тилегин, ой-санаасын билдирет:
Канткенде табам амалын,
Көкүрөктөгү жаранын.
Алыста окуу артык деп,
Угамын катуу кабарын…
Билим алууга умтулуп, кыялында не бир алыскы шаарларга барсам дем далалаттанган акындын замандаштарына бул ыр чоң таасир берген. Аны обонго салып жатка ырдаган учурлары да болгонун ошол кездеги мектеп окуучусу, дагы бир кыргыздын атактуу акыны Кубанычбек Маликов эскерген.
Зарыгам" менен катар, "Алга бас", "Чамда", "Арсар жигит" өңдүү алгачкы ырларын Мукай Элебаев айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө жараткан.
Жазуучунун биринчи ырлар жыйнагы 1931-жылы чыккан, ал эми 1936-жылы "Узак жол" автобиографиялык романы да жарык көргөн.
Негизи, Мукай Элебаевдин дээрлик бардык чыгармалары автобиографиялык мазмунга ээ. Аларга "Узак жол" менен катар "Кыйын кезең", "Зарлык", "Бороондуу күнү" сыяктуу аңгемелери жана ырлары кирет.
Элебаев чебер котормочу да болгон. Ал орус адабиятынын классикасына айланган Гогольдун "Шинель", "Өлүк жандар", Л.Толстойдун "Хажы Мурат", Пушкиндин "Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу" сыяктуу чыгармаларын, ошондой эле М.Горькийди, В.Маяковскийди, Франкону, Сурковду кыргызчага которгон.
Мындан тышкары, Элебаев кыргыздын алгачкы эл агартуучуларынын бири Жума Жамгырчиев менен бирге мектеп окуучулары үчүн адабият боюнча окуу китебин жазып, ал 1930-жылы жарык көргөн. Ал эми 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчө болуп кирген.
Мукай Элебаев кыргыз адабиятында биринчи жолу социалисттик турмуштун өзүндөгү кемчиликтерди, терс көрүнүштөрдү сынга алып жазган. Анын 1940-жылы жаралган "Тартыш" жазуучунун жеке чыгармачылыгында гана эмес, ошол мезгил үчүн чоң жаңылык болгон. Деги эле, Элебаев ошол эле отузунчу жылдары кыргыз жазуучу-акындарынын ичинен адабий сынга көбүрөөк кайрылып, курч макалаларды жазып, гезит-журналдарга жарыялап турчу. "Тартыш", албетте, ошол кезде сахнага коюлушу мүмкүн эмес эле. Ал жазуучунун архивинде гана сакталып, ал согушта курман болгондон кийин такыр унутулуп, кийин гана жарык көргөн. Элебаев өз пьесасын эмне үчүн театрда коюдан баш тартышканын ошол мезгилде элдин ураандарга көнүп, башка темаларды көп кабыл албагандыгы менен түшүндүргөн. Бул пьесанын сюжеттик өзөгүн керт башынан башкага кызыкпаган, көргөнүн койбой алып-жутма мектеп директору Качкындын, айлакер, эки жүздүү, бай-манапчыл Жейрендин ниети ак, күрөшчүл мугалим Айдар менен тирешүүсү түзөт. Чыгарма деги эле коомдо кездеше турган терс көрүнүштөрдүн бетин ачып көрсөткөн. Бирок бул ошол кездеги саясатка, жалпы теңчилик орноду деп жарыяланган идеологияга туура келген эмес. Анан калса, совет мезгилине чейинки кыйын мезгилди сүрөттөп, жаңы доор өзү менен ала келген жаңылыктарды даңазалаган акындын чыгармаларына каршы келген. Ошол себептен чыгарма татыктуу бааланбай калган. Антсе да, Элебаев өз чыгармачылыгы менен кыргыз жазма адабиятынын түптөлүшүндө, анын бардык жанрларынын калыптанып өрчүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон улуу сөз чебери катары тарыхта калды.
Азыр Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылындагы орто мектеп, Ош облусунун Базар-Коргон районундагы №1 орто мектеп Мукай Элебаевдин ысмын алып жүрөт.
Мукай Элебаев родился в селе Чон-Таш (ныне — в Тюпском районе Иссык-Кульсной области) в семье крестьянина-бедняка. С 9 лет, оставшись сиротой, батрачил.
В 1916—1919 годы находился в Китае от бесчинств восстания. Вернувшись на родину, учился в ликбезе села Джылуу-Булак (1920), с 1921 — в интернате в Пржевальске, в 1924—1926 — в Тюпском зооветеринарном техникуме; в 1930 году окончил Фрунзенский педагогический техникум[2][3].
Совместно с одним из первых кыргызских Джумой Жамгырчиевым[ky] написал учебник по литературе для школьников, который вышел в свет в 1930 году[3].
Участник Великой Отечественной войны с 1943 года[3]. Будучи красноармейцем, стрелком 267-го стрелкового полка, погиб на фронте — умер от ран 15 мая 1944 года. Похоронен в деревне Ланева Гора
Поделитесь своими знаниями, ответьте на вопрос:
Тело массой m1=5 кг ударяется о неподвижное тело массой m2=2, 5 кг. Кинетическая энергия системы двух тел непосредственно после удара стала W'к=5 Дж. Считая удар центральным
Решение к задаче представлено в виде картинки и приложено к ответу